Ош шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салууда бир киши каза болду

Ош шаардык милициясы тараткан сүрөт.

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салуудан бир киши каза тапты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы 25-майда маалымат берди.

Окуя 24-майда кечке жуук Амир-Тимур көчөсүндө болгон жана белгисиз жаран акча алмаштыруучу жайга кирип, ээсине бычак менен кол салган. Маалымат түшкөндөн шаардык милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери айтылган жайга барышкан. Акча алмаштыруучу жайдын ээси, 1992-жылы туулган М.Х. аттуу жаран шаардын жандырдыруу бөлүмүнө жеткирилип, операция маалында өзүнө келбей каза болгон.

Кол салууга шек саналган жаран өз жанын кыюуга аракет жасап, милиция кызматкерлери аны кармап калышкан.

“Окуя болгон жердеги видео тасманы караганда шектүү Т.Н. окуя болгон жерге башына кара кепка, бетине медициналык көк түстөгү бет кап кийип, жабыр тарткан М.Х. отурган жерине кирип барып эле колундагы желим баштыкчадан бычак алып чыгып, аны стулда олтурган жеринен денелерине туш келди сайып, андан соң акча алмаштыруучу жайдын кийинки бөлмөсүнө кирип, колуна акча алып чыккандыгы тасмага тартылганы аныкталды”, - деп жазылган маалыматта.

Милиция кызматкерлери шектүү 1988-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экенин аныкташкан. Аны тинтүү маалында жанынан 37,5 миң сом акча, эки уюлдук телефон жана спирт ичимдигинин бөтөлкөсү табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Шектүү акча алмаштыруучу жайдын ээсине кол салып жатканда, аны токтоткону кирген 39 жаштагы тургун оң колунан жараат алган.

Каза болгон жарандын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, окуя болгон жерден алынган далил заттарга да экспертиза дайындалган.

Каза болгон М.Х. аттуу жаран Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну болгон. Артында үч баласы калган.

Дагы караңыз

АКШ грин-картага арыз берүү тартибин өзгөрттү Украинада жапырт чабуулдун курмандыктары төрткө, жараат алгандар 100гө жетти Евробиримдик Орусиянын Украинага чабуулдарын айыптады Орусия Украинага соккуда баллистикалык ракеталар колдонулганын ырастады