Менчик мектептер окутуу баасын өкмөт көзөмөлдөшүнө каршы экенин айтышты

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандагы менчик мектептер окутуу акысын өкмөт көзөмөлдөөсүнө каршы. Бул тууралуу Менчик мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева 25-майда Жогорку Кеңеште баалар боюнча парламенттик угуу учурунда айтты.

Молдобаева менчик мектептердеги окутуу акысына Монополияны тескөө агенттиги көзөмөл кылат деген маалымат кыжалат кылып жатканын айтып, мындай көзөмөл алардын жабылуусуна алып келерин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, менчик мектептер балдарды окутуу акысын өздөрү аныкташы керек.

"Менчик мектептер конвейер эмес. Ал жерде балдардын билими, ар тараптуу өсүшү менен академиялык өсүүсү жогорку окуу жайына чейин коштолот", - деди ал.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзам долбоорунда менчик мектептердин баасы тууралуу сөз жоктугун айтты. Менчик мектептер ассоциациясы мыйзамда "социалдык маанидеги кызмат көрсөтүүлөр" деп жазылып турганын билдирүүдө.

Назира Молдобаеванын депутаттарга берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпы 325 менчик мектеп бар. Анда 110 миң бала билим алат. Бул өлкөдөгү жалпы окуучулардын 11 пайызын түзөт. Менчик мектептерде 18 миңден ашуун адам эмгектенет. Арасында чет өлкөлүк жарандар бар, аларга 5-6 миң доллардан айлык акы, бул жакта жашаган батирлери төлөнөт.

Агартуу министрлигинин соңку расмий маалыматына караганда, электрондук күндөлүк боюнча 356 менчик мектеп бар, анда 85 миң 920 окуучу билим алууда, 8817 мугалим эмгектенүүдө.

"Баа түзүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда өлкөдөгү менчик мектептердеги балдарды окутуу акысын өкмөттүн тескөөсүнө алуу сунушу да киргизилген. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кээ бир менчик мектептердеги окутуу акысы жогорку окуу жайлардагы келишим акысынан бир канча эсеге көптүгүн айтып, нааразылыгын билдиришкен.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзгөндө 60 үйдүн короосун сел каптады26-майдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтҮч жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө мыйзамына кол коюлдуПрезидент Жапаровдун "бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экени" айтылдыЖогорку Кеңеште кымбатчылык боюнча парламенттик угуу өтүп жатат