АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 26-майда Ереванга барат. Бул тууралуу 25-майда Армениянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ани Бадалян X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, Рубио Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугат.
Анын сапары май айынын башында өткөн Армения–Евробиримдик саммитинен кийин Ереван менен Москванын мамилеси начарлап жаткан учурга туура келүүдө.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова саммиттин жыйынтык декларациясы Ереванды “барган сайын бөтөн стандарттарга жана механизмдерге тартылып жатканын” көрсөтөрүн билдирген.
Саммиттен кийин Арменияны башка орусиялык аткаминерлер да сынга алышкан.
Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды “абийирсиз” деп атаган.
Орусия президенти Владимир Путин Армениянын Евробиримдикке кошулуу аракетин 2014-жылдагы Украинанын ушундай ниети менен салыштырган.
Кийинчерээк Орусиянын Россельхознадзор кызматы “ЕАЭБ үчүн карантиндик объекттер табылды” деген жүйө менен Армениядан гүл импорттоого тыюу салган.
Мекеме ошондой эле армяндардын “Жермук” минералдык суусун импорттоону чектеп, өлкөдөн келген мөмө-жемиш менен жашылчаларды текшере баштаган.
Андан соң Роспотребнадзор Армениядагы үч ири өндүрүүчүнүн алкоголдук продукциясын сатууга убактылуу тыюу салды. Алар “Веди-Алко” жабык акционердик коому, “Абовян коньяк заводу” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Шахназарян вино-коньяк үйү” жоопкерчилиги чектелген коому.