Социалдык тармактарда Салык кызматынын кызматкерлеринин санын кыскартууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жарыяланды. Анда 500 салыкчы кыскарып жатканы, бул кеминде 1500 адамдын жашоо-турмушуна таасир этери белгиленген.
“Учурда өлкөбүздүн аймактарында көптөгөн жарандар жаңы технологиялар менен иштөөдө кыйынчылыктарга туш болуп, узун кезектерге жана ыңгайсыздыктарга жыш кабылууда. Мындай кырдаалда дал ушул салык кызматкерлери тутумду (системаны) колдонууда көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөтүшөт, ал эми көпчүлүк учурларда жарандардын ордуна жумушту өздөрү да аткарып беришет”, - деп жазылган кайрылууда.
Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлердин кыскаруусу боюнча түшүндүрмө берип, мындай чара системаны санариптештирүү, натыйжалуулукту жогорулатуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын алкагында болуп жатканын билдирди.
Мында кайталанган жана ашыкча кызмат орундарын кыскартуу, адам факторун азайтып, санариптик чечимдерди киргизүү каралган.
“Кызматкерлердин штаттык санын болжолдуу кыскартуу да кадрдык потенциалды оптималдаштырууга жана ведомствонун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мында сөз жөн гана кызматкерлердин санын кыскартуу тууралуу эмес, санариптик технологияларга, процесстерди автоматташтырууга жана квалификациялуу кадрларга негизделген мамлекеттик башкаруунун заманбап жана натыйжалуу моделине өтүү жөнүндө болуп жатат”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.
Адамдык факторду азайтып, санариптештирүүнү өркүндөтүү салык системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтары да белгиленген.