Эс алуу жайлары менен парктардагы аттракциондордун абалы текшерилет

Панфилов паркындагы аттракциондордун бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Архив

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги учурда парктардагы, эс алуучу жайлардагы аттракциондордун техникалык абалын текшерип жатат. Бул коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүлүп жаткан чара экени кабарланды.

Анын алкагында аттракциондордун ээлерине жана операторлоруна коопсуздук талаптарын сактоо жана эксплуатациялоо эрежелери тууралуу маалымат берилди.

"1-июнь - Балдарды коргоо күнүн утурлай парктарда жана эс алуучу жайларда балдардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу биздин инспекторлор аттракциондордун коопсуздугуна жана техникалык абалына өзгөчө көңүл бурушууда", - деп маалымдады министрлик.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө 300дөн ашуун аттракцион иштейт. Анын басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Бишкектеги Панфилов паркында 41, "Евразия" паркында 43, “Sky Entertainment” комплексинде 36 аттракцион бар.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ата-энелерди балдарынын коопсуздугун камсыздоого, аларды аттракциондордо кароосуз калтырбоого, коопсуздук эрежелерин сактоого жана күмөн санаткан аттракциондорго ойнотпоого чакырды.

Техникалык талаптарга жооп бербеген аттракциондорду иштеткен тараптарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул салынат жана пайдалануудан алынарын эскертти.

Кыргызстанда эс алуучу жайлардагы техникалык талапка жооп бербеген аттракциондордо адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар катталган.

Былтыр сентябрда Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил бакта 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза тапкан. Бир нече жыл мурун Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында аттракционго урунуп 11 жаштагы кыз каза болгон.

Былтыр 31-мартта Панфилов атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Бишкек шаардык мэриясы аттракцион айланып жатканда коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирген. Аттракциондун 24 жаштагы кызматкери кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урулганын билдирди Садыр Жапаров Ирандын президенти Пезешкиан менен телефондон сүйлөштүТашиев баштаган сегиз кишинин иши боюнча сот 28-майда уланатСалык кызматкерлеринин кыскарышы боюнча президентке кайрылуу жолдондуКыргызстан суу боюнча жетиштүү кенемте албай жатканы эл аралык жыйында айтылды"Кабарчыларга басым күчөдү". Ооганстанда дагы үч радиостанция жабылды