Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда “Формула-1” же F1H2O аталышындагы кайык жарыш тууралуу маалыматтарды таратууда этият болууга чакырды. Мекеменин 28-майдагы билдирүүсүндө бул иш-чара Борбор Азияда биринчи ирет өтүп жатканы, Кыргызстанга аброй алып келери белгиленген.
ИИМ социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүдөгү экологиялык коопсуздукка тынчсызданган жарандардын билдирүүлөрүн “популисттик кадам” деп мүнөздөгөн. Билдирүүдө “Формула-1” жарышы буга чейин өткөн жерлерде бир да жолу экологиялык көйгөй жаралбаганы жазылган.
Президенттин тапшырмасы менен тиешелүү мекемелер соңку беш жылдан бери Ысык-Көлдү тазалоо, суу алдындагы торлорду алып чыгуу иштерин улантып жатканы белгиленген.
ИИМ социалдык тармактарда улут аралык кастыкты, жек көрүүнү күчөтө турган билдирүүлөр чыгып жатканын, бул Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө да багытталганын жазды. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу, Асман шаары жана “Камбар-Ата – 1” долбоорлорун ишке ашырууга тартылган чет элдиктер мамлекеттин көзөмөлүндө экени белгиленген.
“Долбоорлор бүткөндө кайра эле кетишет. Эч кимиси калып калбайт. Айрым долбоорлор 2030-жылы бүтсө, айрымдары 2035-жылдары бүтөт. Ошондуктан жарандарыбызга маалыматтарды таратууда этият болууну, чын-төгүнүн аныктап билип алып, анан талдоого алууну сунуштайбыз. Жоопко тартып баштаганда адаттагыдай эле “Жөн эле жоопко тартып атат” деп кыйкырып чыкпагыла”, - деп жазылган билдирүүдө.
Суу үстүндөгү жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Туризм департаменти бул иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын айтууда.
Социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык жактан кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскерткендер болууда.