Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылды

"Согмент" чек ара бекетинин ачылышы. Баткен. Май, 2026-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы "Согмент" чек ара бекети Баткен районундагы Согмент айылында ачылды. Бекет Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын Чарбак тозотуна караштуу. Жаңы чек ара бекети 28-май, Чек ара аскерлеринин күнүн утурлай ачылды.

Бекеттин ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн катышты. Андан тышкары президенттин облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Чек ара кызматкерлери жана жоокерлер катышты.

"Согмент" чек ара бекети аймактын коопсуздугун бекемдөө жана чектеш аймактардагы туруктуулукту камсыздоого салым кошору айтылды.

Аталган чек ара бекети турган аймакта чек арачы аскерлер Кыргызстан менен Өзбекстандын 12 чакырым чек ара сызыгын кайтарышат.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасында 15 өткөрмө бекети иштеп келген.(ZKo)

Дагы караңыз

Трамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айттыИИМ "Формула-1" жана чет элдиктер боюнча пикир билдирүүдө этият болууну эскертти"Согушка дрон жасоого кыздарды тартып жатат". Орусиянын кыргыз окуу жайларына жеткен жарнамасы Британия Кыргызстанда катталган эки ишканага жана банкка санкция салды