"Акыркы коңгуроо" күнү коопсуздукту сактоо зарылдыгы эскертилди

"Акыркы коңгуроо", Ош. 25-май, 2023. (архив)

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Агартуу министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү күнү коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти.

Мектептен тышкары кошумча бүтүрүү кечелерин уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбейт.

Ата-энелер, мектеп жетекчилери жана бүтүрүүчүлөр мыйзам талаптарын сактоосу жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл экени эскертилди.

Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында милиция эс алуу жайларын, кафе-ресторандарды, көл жээктерин жана жол кыймылын текшерүүгө алат.

29-май күнү милиция коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Мурдараак Агартуу министрлиги мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган.

2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң, 9-классты 135 миң окуучу бүтүрөт.

Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт.

Бишкектин айрым мектептеринде ата-энелер балдарынын коопсуздугуна жооптуу экени тууралуу тил кат жазып берүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Чектеш өлкөлөрдө камсыздандыруу полисин таануу маселеси парламентте көтөрүлдү"75чилердин каты": Нурланбек Тургунбек уулу коюлган айыпка макул эместигин билдирдиЧет элдик унааны легалдаштыруу жараяны улана турганы айтылдыКыргыз-өзбек чек арасында жаңы бекет ачылдыТрамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айтты