Илимдер академиясы Ысык-Көлдүн абалына тынчсыздануусун билдирди

Ысык-Көл.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Ысык-Көлдүн абалы өтө кейиштүү экенин белгилешүүдө. Илимдер академиясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган баяндамада көлдүн деңгээлин изилдөөдөн алынган кооптуу маалыматтар жана ошондой эле кыргыз "берметин" сактап калуунун жолдору сунушталды. Анда кыргыз бермети жылдан жылга азайып, соолуп баратканы, алдын албаса жакынкы аралыкта Ысык-Көл таштанды жана балыр баскан сазга айланары белгиленген.

"Эң негизги көйгөй - көлдүн суусунун азайышы. Изилдөөлөргө ылайык, акыркы 170 жыл ичинде көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөгөн. Акыркы жылдары бул процесс дагы тездеп, жылына орточо 6–7 сантиметрге чейин түшүп жатат. Натыйжада көлдүн аянты кичирейип, бууланган ным азайууда. Бул өз кезегинде аймактагы жаан-чачынга жана жаратылыштын жалпы тең салмагына таасир этет", - деп жазылган анда.

Дагы бир кооптуу белги катары көлдөгү балырлардын көбөйүшү айтылган. Экологдордун айтымында, бул суунун курамы өзгөрүп жатканын билдирет. Көлгө жер семирткичтер, агынды суулар жана башка булгоочу заттар түшкөндө фосфор сыяктуу элементтер көбөйүп, балырлар тез өсө баштайт. Мындай көрүнүш мурда өтө таза деп эсептелген Ысык-Көл үчүн жаңы жана кооптуу процесс болуп саналат.

Окумуштуулар мындан тышкары туризмдин көзөмөлсүз өсүшү да көлгө чоң басым жаратып жатканын, жээктерде башаламан курулуштар көбөйүп, бардык пансионаттарда сапаттуу тазалоочу системалар жоктугун белгилешүүдө. Акыркы жылдары суучулдар көлдүн түбүнөн тонналаган таштанды жана эски балык торлорун чыгарышкан.

Окумуштуулар Ысык-Көлгө так илимий мониторинг жүргүзүүнү, сууну үнөмдөөнү, жээктеги курулуштарды жөнгө салууну жана экологиялык мыйзамдарды күчөтүүнү негизги чечим катары көрсөтүшкөн.

Суу ресурстары кызматы 2023-жылдагы мониторингдин жыйынтыктарына ылайык, көлгө 97 дарыя куйганын билдирген. Алардын ичинен сугат мезгилинде 60тан ашык дарыя көлгө жетпейт. Дарыялардын болжол менен 30 пайызы соолуп калган. Жыл бою көлгө Жыргалаң, Түп, Каракол жана Кызыл-Суу сыяктуу ири дарыялар гана агып кирет, бирок акыркы жылдары алардын суусунун көлөмү да азайган.

Быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатын өткөрүү демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Туризм департаменти бул иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын эл аралык туристтик жана инвестициялык дараметин жогорулатарын билдирди. Социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүгө каршы чыгып, экологиялык кесепеттери болушун эскерткендер болууда.(ZKo)

Дагы караңыз

Ташиев баштаган сегиз кишинин соту: Тургунбек уулу үн катты“75чилердин каты”: Ташиев, Зулушев, Тургунбек уулу сотко келдиИИМ "Формула-1" жана чет элдиктер боюнча пикир билдирүүдө этият болууну эскерттиТрамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айтты