Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Садыр Жапаров Астанада.

Президент Садыр Жапаров 28-майда иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага барды. Президенттин администрациясы билдиргендей, аны Астанадагы эл аралык аба майдандан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумга катышат. Саммитке Беларустун лидери Александр Лукашенко, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын вице-президенти Мгер Григорян катышат.

Жапаров санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды. Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө. Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган.

Дагы караңыз

Трамп Ирандын уранды Кытайга же Орусияга берүү демилгесине каршы экенин айттыТрамп Армениядагы шайлоо алдында өкмөт башчы Никол Пашинянды ачык колдоду ИИМ "Формула-1" жана чет элдиктер боюнча пикир билдирүүдө этият болууну эскерттиКазакстан менен Орусия АЭС куруу келишимдерине кол коюшту