Орусиянын президенти Владимир Путин 27-майдын кечинде Астанага барды. Бул анын соңку 1,5 жыл ичиндеги Казакстанга экинчи мамлекеттик сапары.
Бейшембиде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Путинди Эгемендик сарайында салтанаттуу тосуп алды.
Эки лидер адегенде чакан курамда, кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүү өткөрүштү. Андан соң Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимге жана долбоорду каржылоого арналган мамлекеттик насыя тууралуу келишимге кол коюлду.
“АЭС куруу тууралуу келишимдин стратегиялык мааниси жөнүндө көп сөз кылуунун кереги жок. Бул баарына түшүнүктүү. Биз дос, бир тууган элдербиз. Жалпы тарыхыбыз бар, маданий салттарыбыз жана элдерибиздин менталитети бири-бирине окшош... Биз элдерибиздин түпкү кызыкчылыгына ылайык иштеп жатабыз. Жарандарыбыз мамлекеттерибиздин достугу жана ынтымагы сакталышын каалайт. Мындан ары өнүгүү үчүн баарыбызга тынчтык керек”, - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Буга чейин Астана өлкөдөгү биринчи атом электр станциясынын курулушу мамлекеттер аралык насыянын эсебинен каржыланарын билдирген. Баштапкы эсеп боюнча эки энергоблоктун курулушуна болжол менен 15 миллиард доллар талап кылынышы мүмкүн.
Казакстандын бийлиги АЭС курууну өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы менен түшүндүрөт. Коомчулукта АЭС курууга каршы болгондор да бар. Алар долбоордун экономикалык натыйжалуулугунан күмөн санап, экологияга коркунуч жаратарын айтышат жана Казакстанды Орусиянын технологиясынан көз каранды кылып коёт деп эсептешет.
Шерине