ЖМК: АКШ менен Иран тынчтык режимин узартууну макулдашты

Ирандык аялдар Тегеран шаарындагы көчөдө бара жатышат. 12-май, 2026-жыл.

Бир нече америкалык жана эл аралык маалымат каражаттары АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин узартуу боюнча алдын ала макулдашканын жазышты. Маалыматка караганда, документти эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жактырышы керек.

Reuters агенттиги 28-майда төрт булакка таянып билдиргендей, макулдашууда жарашуу мөөнөтүн дагы 60 күнгө узартуу каралган. Андан тышкары келишимге ылайык, эки тараптын өкүлдөрү бир катар олуттуу маселелерди, анын ичинде Тегерандын өзөктүк программасын талкуулоону улантып жаткан учурда Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамдары эркин жүрө башташы керек.

Ошол эле маалда АКШ Ирандын аскердик мунай соодасына байланыштуу жаңы санкцияларды киргизгенин жарыялады. Чектөөлөр Ирандын кара май продукцияларын дүйнөлүк базарларга ташууга катышкан сегиз кемеге багытталды.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттерге Вашингтон менен Тегеран сүйлөшүүлөрдө азырынча акыркы макулдашууга жете электигин, бирок тараптар ага абдан жакындап калганын билдирди.

«Президент меморандумга кол коёбу-жокпу, так айтуу кыйын. Биз азыр документтеги айрым жагдайлар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз», — деди Вэнс.

Бул маалыматты алгач Axios басылмасы жарыялаган. Тегеран бул боюнча расмий комментарий бере элек. Ал эми Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги өз булагына таянып, келишимдин тексти азырынча толук даяр боло электигин жана расмий түрдө бекитилбегенин жазды.

Axios басылмасынын маалыматына ылайык, келишимдин негизги шарттары 27-майга карата дээрлик толук макулдашылган. Бирок документ күчүнө кириши үчүн аны эки тараптын саясий жетекчилери дагы жактырышы керек.

АКШ менен Ирандын ортосундагы 30 күндүк ок атышууну токтотуу режими алгач апрель айынын башында жарыяланган. Анын мөөнөтү аяктап баратканда Дональд Трамп жарашууну белгисиз мөөнөткө узартуу чечимин кабыл алган.

Дагы караңыз

Кыргызстандын мектептеринде "Акыркы коңгуроо" кагылдыКара деңизде Түркиянын жээгинде жакын жерде үч кемеге дрон чабуулу болду Президент Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү