Аннексияланган Севастополдогу эң ири “АТАН” жана “ТЭС” компанияларынын май куюучу бекеттеринде АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин түгөнгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу шаардын Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев билдирди. Анын айтымында, буга мурдатан келаткан "логистикалык кыйынчылыктар" себеп болгон. Жергиликтүү бийлик Орусиянын Энергетика министрлиги жана Транспорт министрлигинин катышуусу менен жакын арада май ташууну калыбына келтирүүнү пландап жатат.
Аннексияланган Крымда күйүүчү май көйгөйү буга чейин эле, май айынын башында байкала баштаган. Бийлик бензин сатууга чектөө киргизип, бир колго эң көп 20 литр май сатуу талабын койгон. Айдын аягына карата АИ-95 үлгүсүндөгү бензин “ТЭС” тармагынын дээрлик бардык май куюучу жайларында жок болсо, “АТАНдын” бир нече станцияларында гана калган.
Крымга күйүүчү май жеткирүүнүн негизги жолдору катары кеме каттамы жана "жердеги көпүрө" аталган Украинанын түштүгүндөгү орус армиясы басып алган аймактар аркылуу өтүүчү маршрут калган. Бирок коопсуздукка байланыштуу Крым көпүрөсү аркылуу күйүүчү май ташылбай келет.
Орус бийлиги 21-майда Ростов-на-Донуну Мариупол жана Мелитопол аркылуу Крым менен байланыштырган Р-280 "Новороссия" трассасы боюнча жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизген. Мында аскерий, атайын жана социалдык маанидеги жүк, анын ичинде күйүүчү май үчүн гана уруксат бар.
Москваны жактаган Телеграм каналдар бензиндин үзгүлтүккө учурашын Украинанын учкучсуз учактарынын логистикалык каттамдарга жана Крымга баруучу "жер коридорундагы" күйүүчү май цистерналарына жасаган соккулары менен байланыштырууда.
OSINT-изилдөөчүлөрүнүн маалыматы боюнча, майдын башынан бери Крымга бараткан жолдо 120дан ашык орусиялык жүк ташуучу унаа соккуга кабылып, алардын көбү жок кылынган же күйүп кеткен.