Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары мамлекеттик кабыл алуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Нью-Йорк шаарындагы иш-чарага министр Жээнбек Кулубаев катышты.
Мамлекеттик кабыл алууда Германиянын, Зимбабвенин тышкы иштер министрлери жана БУУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчылары, мүчөлөрү болду.
Бул иш-чара Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылга мүчөлүгүнө шайлоо алдында үгүт кампаниясы катары мүнөздөлүп, министр дипломаттарды Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды.
Кулубаев Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого салым кошууга бекем умтуларын айтты. Ал тынчтык өзүнөн өзү жаралчу нерсе эмес экенин, аны камсыз кылуу үчүн күн сайын аракет, диалог, сабырдуулук, өз ара урматтоо жана бири-бирин уга билүү зарыл экенин белгиледи.
“Кулубаев ошондой эле Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланган учурда артыкчылык бере турган негизги багыттарды атап өттү. Алардын катарына туруктуу тынчтык күн тартибин илгерилетүү, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүү, калктын аярлуу катмарларын коргоо, климаттык коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоо кирет”, - деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жалпы 15 мамлекет болсо анын 10у туруктуу эмес мүчөлөр. Туруктуу эмес дегенде алар ар жылы бештен эки жылга шайланып турат. Аймак боюнча квота бөлүнөт жана учурда Кеңешке мүчө Пакистандын ордуна Кыргызстан менен Филиппин ат салышканы турат. Добуш берүү 3-июнда болуп, ага БУУга мүчө мамлекеттердин баары катышат.
Бул жараянды утурлай президент Садыр Жапаров 17-майда дүйнө лидерлерине кайрылуусунда Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырган.
Былтыр ноябрда Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин колдоп, дүйнө лидерлерине кайрылуу жолдошкон.