Орусиянын эки облусунда дрон соккусунан адамдар каза болгону, мунай базасы өрттөнгөнү айтылды

Иллюстарция.

Ишембиге караган түнү Орусиянын түштүгүндөгү Таганрог шаарында учкучсуз учактардын чабуулунан улам танкер, күйүүчү май куюлган резервуар жана административдик имарат өрттөнгөнүн Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсар өзүнүн Телеграм каналында билдирди.

Слюсар кийинчерээк порттун аймагындагы танкердеги жана объектилердеги өрт өчүрүлгөнүн, сакталып турган мазут акпаганын жазды.

Ал ошондой эле Таганрогдогу жеке турак үйдө дрон соккусунан бир эркек киши жана бир аял жабыркаганын кабарлады. Слюсар түн ичинде жана эртең менен аймакта абадан жасалган чабуулдун мизин кайтаруу учурунда "дээрлик элүүгө жакын дрон жок кылынганын" белгиледи. Чабуул Таганрогдон сырткары Ростов-на-Дону, Сальск, Миллерово, Тарасов, Шолохов, Верхнедонской жана бир катар башка райондорго да жасалды.

Украиналык Exilenova+ Телеграм каналы Таганрогго жасалган "массалык чабуул" тууралуу жазып, жарылуулар авиациялык заводдун аймагында да болгону кабарланганын билдирди.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн Учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди өзүнүн Телеграм каналында түн ичиндеги чабуулдан Таганрогдо "Курганнефтепродукт" мунай базасы жана "көмүскө флоттун" танкери жок кылынганын жазды. Бровди ошондой эле жергиликтүү аскерий аэродромго жасалган соккудан улам Ту-142 үлгүсүндөгү суу астындагы кемелерге каршы эки учак жана "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси жабыркаганын билдирди.

Орусия тарап аэродромго жасалган чабуул тууралуу кабарлаган жок.

Мындан сырткары Бровди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусия басып алган Крымдагы Феодосия деңиз мунай терминалына жасаган түнкү чабуулу тууралуу да жазды. «Крым.Реалии» басылмасы Феодосиядагы мунай базасынан бир нече чакырымга созулган түтүндүн сүрөттөрүн жарыялоодо.

Краснодар аймагында дрон сыныктары түшүп, Армавирдеги кайра жүктөөчү мунай базасынын аймагында өрт чыкканын жергиликтүү ыкчам штаб билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Кийинчерээк өзгөчө кырдаалдар кызматтары мунай базасында тутанган өрт өчүрүлгөнүн маалымдашты.

Ыкчам штаб ошондой эле Приморско-Ахтарск шаарында украин дронунун сыныктары түшкөдө бир адам жабыркаганын кабарлады. Шаарда дрондун сыныктары алты даректен табылган. Жеке үйлөрдүн терезелери жана сырткы жасалгасы зыян тарткан.

Белгород облусунун губернатору Александр Шуваев өткөн суткада аймакка украин дрондору менен 55 жолу чабуул жасалганын билдирди. Шуваев украин тарап авиация жана артиллерияны колдонгонун айтууда. Ал чабуулдардын кесепетинен үч жай тургун каза болуп, дагы үчөө жаракат алганын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Украинанын 127 дрон чабуулун тосконун жарыялады. Аскерий мекеменин маалыматы боюнча, учкучсуз аппараттар Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Орёл облустарынын жана башка аймактардын үстүнөн да атып түшүрүлдү.

Дагы караңыз

Орусиянын Армениядагы элчиси кеңешүү үчүн Москвага чакырылдыАгартуу министрлиги мектептерде алты күндүк окууну кайра киргизүүнү сунуштадыСевастополдо "логистикалык кыйынчылыктан" улам күйүүчү май таңсык болуудаФутбол: Кения оюнчулары "эпидемиологиялык абалдан" улам Кыргызстанга келбейт