Оштогу көкбөрү мелдешиндеги сөзү үчүн бейбаштыкка айыпталып, камакка алынган Султан Абдыкадыров президенттин ырайымы менен абактан чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын атасы Абдыманап Кудайбердиев ырастады.
“Уулум кечээ Молдовановкадагы абактан чыгып, бүгүн айылга келди. Азыр бир сааттай мурун эле үйдөн тосуп алдык”, - деди Кудайбердиев.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Султан Абдыкадыров 2023-жылы “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга абакка кесилген. Буга ошол жылы 31-август – Эгемендик күнүнө карата көкбөрү мелдешиндеги сүйлөгөн сөзү негиз болгону айтылган.
Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Ош облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолукканда Кудайбердиев мамлекет башчыдан уулуна ырайым берүүнү суранган. Жапаров макул экенин билдирген.
Абдыкадыров быйыл февралда президенттен ырайым сурап кат жазганы белгилүү болгон.
2023-жылы 31-августта Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы ат майданда көкбөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мелдеш аяктагандан кийин жыйынтыкка нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан. Бул окуя боюнча милиция тогуз кишини кармаган. Дагы 56 кишиге айып салынып, коё берилген.