Балдарды коргоо күнүндө Бишкекте айрым көчөлөрдө автоунаа кыймылы чектелет

Балдарды коргоо майрамы. Бишкек. 1-июнь, 2017-жыл.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүндө Бишкек шаарындагы айрым борбордук көчөлөрдө кыймыл чектелип, автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Ала-Тоо аянтындагы майрамдык оюн-зоок иш-чараларына байланыштуу, саат 16:00төн тартып 22:00го чейин аянттын айланасындагы жолдордо унаа кыймылы токтотулат. Чүй проспектисинен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Панфилов, Орозбеков көчөлөрү Чүйдөн Фрунзе көчөсүнө чейин автоунаалар үчүн жабык болот.

1-июнь - Балдарды коргоо күнү Кыргызстандын бардык аймактарында балдардын катышуусунда шаан-шөкөт менен белгиленет. Бул күнү айрым парктар, аттракциондор, эс алуучу жайлар ачылып, сезондук ишин башташат. (ZKo)

Дагы караңыз

Киев Орусияга жаңы санкцияларды киргизди Президентке кайрылган Кудайбердиевдин уулу ырайым алып, абактан чыкты"Кызым менен түшкөн сүрөтүм жок". "Азаттыктын" камактагы журналисти темир тор артынан ой бөлүштү"ЕАЭБ же Еврошаркет". Астана саммитинде Арменияга шарт коюлдуЕреван менен Москва тиреши артында эмне турат?