“Ашар бирикмесинин” директору үчүнчү жолу кармалды

Алиакбар Каныбек уулу.

“Ашар бирикмеси” коомдук фондунун директору Алиакбар Каныбек уулу үчүнчү жолу кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Райондук милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу (И.А.) “Ашар бирикмесинин” жетекчиси “жакынкы аралыкта ага турак жай жана машине алып берем” деген убада менен 650 миң сомун алганын айтып, арыз жазган. Бирок ушул күнгө чейин милдеттенмелерин аткарбай, каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Алиакбар Каныбек уулу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.


Алиакбар Каныбек уулу ушуну менен үчүнчү жолу кармалды. Ал 2025-жылы апрелде да кармалган.

Ошол маалдагы маалыматка караганда, Алиакбар Каныбек уулу президент Садыр Жапаровдун жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, элдин акчасын алдамчылык жолу менен алып жүргөнү аныкталган. Тергөөдө ал 600дөн ашык адамдан 150 миллион сомго жакын акча алганы такталганы айтылган.

Алиакбар Каныбек уулу 2025-жылдын сентябрь айында кайра кармалган. Анда дагы бир жабырлануучу 183 миң 200 сомун алдатып жибергенин айткан. Эки ирет шектүү камактан кантип чыкканы белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

“Бала ырысы” жөлөк пулун 470 миңге жакын бала алатАннексияланган Крымда бензинге талон тартиби киргизилди “75чилердин иши” боюнча соттук отурум улануудаФранцияда футбол беттешинен кийинки тополоңдо кармалгандар 800гө жетти, 200дөн ашуун киши жараат алды Суусамырда жол кырсыгынан төрт адам каза болду