Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы жеке менчик мектептердеги окуу акысына мамлекеттик көзөмөл киргизилбей турганын билдирди.
Мекеме “колдонуудагы мыйзамдар боюнча билим берүү кызматтарынын (жеке менчик мектептердеги окуунун) наркы мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт” деп кошумчалады.
Менчик мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева 25-майда Жогорку Кеңеште өкмөт сунуштап жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда өкмөт менчик мектептердеги окутуу баасын көзөмөлдөөнү көздөп жатканын айткан.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы документ баа жана тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле баа түзүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын тактоого багытталганын кабарлады.
Антимонополия 2026-жылдын апрель айында Бишкектеги 104 жеке мектептин ичинен 45 мектептин окуу акысына мониторинг жүргүзгөн. Анда окуу төлөмү жылына 570 миң сомдон 1 миллион 340 миң сомго чейин жетери аныкталган.
Ушундан улам мекеме Бишкек шаарынын мэриясына менчик мектептерде окуу төлөмүн туруктуу кармоо, бир жылдык акысы 200 миң сомдон ашкан мектептерде билим берүү кызматтарынын өздүк наркына талдоо жүргүзүү сунушун берген.
Назира Молдобаеванын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жалпы 325 менчик мектеп бар. Анда 110 миң бала билим алат. Бул өлкөдөгү жалпы окуучулардын 11 пайызын түзөт. Менчик мектептерде 18 миңден ашуун адам эмгектенет. (BTo)