Дүйнөдөгү эң ири микрочип өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Nvidia жасалма интеллект менен иштеген жаңы технологияларын көрсөттү. Компаниянын башкы директору Женсен Хуанг Тайванда өтүп жаткан Computex көргөзмөсүнүн алдында жаңы RTX Spark чип, Vera процессорун тааныштырды.
RTX Spark чипи жасалма интеллект кызматтарын түз эле ноутбукта же компьютерде иштетүүгө мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, колдонуучунун компьютеринде өз алдынча иштеген жардамчылар пайда болушу мүмкүн.
Компаниянын өкүлдөрү мындай технология келечекте ар бир үйдөгү компьютердин кадимки бөлүгүнө айланат деп эсептешет.
Nvidia ошондой эле Cosmos 3 аттуу жаңы жасалма интеллект моделин сунуштады. Ал роботторго жана өз алдынча жүрүүчү машинелерге айлана-чөйрөнү жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү үчүн иштелип чыккан. Модель ар кандай кырдаалдарды алдын ала көрсөтүп, машиналарды машыктырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы Vera процессору болсо жасалма интеллект агенттери үчүн түзүлгөн. Аны колдонууга кызыкдар болгон компаниялардын арасында OpenAI, Anthropic жана SpaceX бар экени айтылды.
Хуангдын айтымында, жасалма интеллект адамдардын жумушун тартып албайт. Тескерисинче, адистердин ишин жеңилдетип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Айрымдар жасалма интеллект жумуш орундарын азайтат деп жатышат. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Бул технология адамдардын иш натыйжалуулугун жогорулатып, жаңы адистерге суроо-талапты күчөтөт», — деди ал.
Технология тармагындагы адистер 2026-жылды жасалма интеллект өз алдынча чечим кабыл алып, тапшырмаларды аткара баштаган мезгил катары мүнөздөшүүдө. Nvidia дал ушул багыттагы технологияларды өнүктүрүүгө ири каражат жумшап жатканын билдирди.
Компаниянын баамында, жасалма интеллекттин кийинки баскычы жөн гана суроолорго жооп берүү эмес, адамдардын тапшырмаларын өз алдынча аткара алган санарип жардамчыларды түзүү болот.