Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн келечекте Европа Биримдигине (ЕБ) кошулуусу менен Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) мүчөлүгүн сактап калуунун ортосунда тандоо боюнча референдум өткөрүү чакырыгын четке какты.
Ал мындай сунушту «логикага туура келбейт» деп атап, азырынча жалпы элдик добуш берүүгө негиз боло турган жагдай жок экенин билдирди.
«ЕАЭБ менен ЕБнин ортосунда тандоо сөзсүз боло турган учур келгенге чейин биз ЕАЭБде мурдагыдай эле иштей беребиз», - деди Пашинян 1-июнда Facebook аркылуу түз ободо жасаган билдирүүсүндө.
Пашинян референдум өткөрүү маселесин Армения Европа Биримдигине расмий түрдө мүчөлүккө арыз бергенде же талапкер макамын алууга жакындаганда гана кароо керектигин белгиледи. Ага чейин өлкө Евразия экономикалык биримдигинде ишмердигин уланта берет.
«Биз ЕАЭБде тынч, сабырдуу, талаш-тартышсыз иштөөнү улантабыз. Бул багытта дагы пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аларды жакынкы келечекте колдонобуз», - деди премьер-министр.
Армян өкмөт башчы май айынын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин жана андан кийин ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин лидерлери жасаган чакырыкка дал ушинтип жооп берди.
Астанада өткөн жыйындан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө Орусия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан Арменияны Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБде калуу маселеси боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүүгө чакырышкан.
Билдирүүнүн авторлору ошондой эле Армениянын Еврошаркетке жакындашуусу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык коопсуздугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Армения 2025-жылы Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Премьер-министр Никол Пашинян акыркы чечим референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген.
Быйыл 5-майда Ереван шаарында Армения менен Евробиримдиктин биринчи саммити өткөрүлгөн. Бул жыйын Орусиянын кыжырына өзгөчө тийген.
Расмий Москва Армениянын Европа Биримдигине жакындашуу аракеттерин бир нече жолу сындап, Евробиримдик менен ЕАЭБдин соода эрежелери өз ара шайкеш келбей турганын белгилеп келет.
Армения - 2015-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү.
7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Ага Пашинян жетектеген “Жарандык келишим” партиясы катышууда. АКШ президенти Дональд Трамп Пашиняндын талапкерлигин ачык колдогон.