Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

Рубио Израилдин жана Ливандын лидерлери менен сүйлөштү

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио ортодогу чыңалууну төмөндөтүү максатында Ливандын президенти Жозеф Аун жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөштү. Бул тууралуу 31-майда америкалык расмий өкүл билдирди.

«Хезболла Израилге каршы бардык чабуулдарын токтотууга тийиш. Анын ордуна Израил Бейруттагы операцияларын күчөтүүдөн карманат. Бул чыңалууну акырындык менен азайтууга жана согуштук аракеттерди натыйжалуу токтотууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деди аты-жөнүн ачык атабоону суранган өкүл.

Ал кошумчалагандай, «Хезболла» Ливан элинин эмес, Ирандын кызыкчылыктарына ылайык аракет кылууда. Ал Тегеран Ливандагы туруксуздуктун уланышына кызыкдар экенин баса белгиледи.

"Хезболла" АКШ менен Израилде террордук деп таанылган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.

«Хезболлага» каршы күрөшкөнүн айткан Израилдин премьери жекшембиде ЦАХАЛга операцияны кеңейтүү тапшырмасын берген.

Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилди аткылап, ЦАХАЛ операция баштагандан бери Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3 миңден ашуун киши каза тапты, аба соккуларынан качкан 1,2 миллион тургун жер которду.

Израил 23 жоокери жана карапайым 4 киши набыт болгонун маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG