1-июнда Талас шаарында, Талас жана Бакай-Ата райондорунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учурду, бир нече унаа жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, Талас шаарында көп кабаттуу үйдүн, эки дүкөндүн чатыры бузулду.
Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жол жээгинде токтоп турган эки унаанын үстүнө түшкөн. Адамдар арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Учурда шамалдын кесепетинен келтирилген чыгым эсептелип жатат.(ZKo)