Буга чейин Кубандыков президенттин кеңешчиси экени айтылып келген, бирок өткөн айда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчысы коомдук башталгычтагы кеңешчилеринин баарын эки жылдай мурун эле бошотконун билдирди. Жакындан билгендер Жаныбек Кубандыков чакан чөйрөдө "решала" (ортомчу) деген каймана ат менен белгилүү экенин айтышат. Анын ортого түшүп, бир катар маселелерди чечип, кадр саясатына чейин аралашкан учурлары болгонун белгилешет.
Депутат Медина Кайрылбекова тергөө абагында отурган күйөөсү Жаныбек Кубандыковго жолугуп чыкканын билдирди. Ал социалдык тармактардагы баракчасына жолдошу ортого түшүп бири-бири менен тааныштырган орусиялык ишкер польшалык бизнесменди алдап кеткенин жазды. Иш ушундан улам козголгонун белгилеп, күйөөсүнүн күнөөсү жоктугун билдирди.
"Камакта жаткан өмүрлүк жолдошум Жаныбек Кубандыковго кирип, баарлашып чыктым. Эң негизгиси, сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону, чет өлкөлүк жаран менен орусиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөө сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы үчүн Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат буюрса!",-деп жазды Кайрылбекова.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков кармалганы 21-майда белгилүү болгон. Атайын кызмат тараткан маалыматта ага жана шеригине (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып коюлганы жазылган. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон, Бишкектин Ленин райондук соту Кубандыков менен шеригин 17-июлга чейин камакта калтырган.
УКМК жарыялаган сүрөт
Буга чейин шектүүнүн жактоочусу Давран Касымов Ютуб каналдардын бирине курган маегинде жабыркады делген ишкерлер менен Кубандыков эч кандай экономикалык алакада болгон эместигин билдирген. Кылмыш ишин козгоонун артында кайсы бир күчтөр турат деп боолгологон:
"Мен бул кылмыш ишин буйрутма, анын артында белгилүү бир үчүнчү күчтөр турат деп эсептейм. Алар анын атын жаманатты кылуу менен келерки жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында президентибизди каралоого ынтызар",-деген адвокат.
Жаныбек Кубандыков камалганы белгилүү болору менен социалдык тармактардын бир катар активдүү колдонуучулары, блогерлер аны колдоп-коргоп билдирүүлөрдү байма-бай жазып, ар кандай той-топур, иш-чарада чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялашты. Анда Кубандыковду берешен, эч кимден жардамын аябаган, Ынтымак Ордого, президент Садыр Жапаровго жакын адам катары сүрөттөштү. Бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө экенин да сөз кылгандар болду.
Деген менен бийликчил блогерлер арасында кылган кылмышы үчүн жооп бериши керек деген пикир айткандар да чыкты.
Жаныбек Кубандыков апрель айында аттуу-баштуу айрым саясатчылар менен кошо "кемпирабадчылардын" түлөөсүнө да катышканы белгилүү болгон. Анда ал президенттин кеңешчиси экени белгиленген.
Мындай сөздөр күчөп жаткан чакта Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент коомдук кеңешчилеринин баарын 2024-жылы сентябрда эле бошотконун маалымдаган. Муну президенттин администрациясынын Кубандыковду жана ал тууралуу ар кандай сөздөрдү алыстатуу аракети катары сыпаттагандар дагы болгон.
Ишкер Урмат Байматов дагы Фейсбуктагы баракчасына Кубандыковду коргоп бир канча билдирүү жазды. Анда эки ай мурун Садыр Жапаровго кирип чыгып, документалдуу тасманын көрсөтүлүшүнө өбөлгө болгонун айтып берди:
"Мен анын ажонун жардамчысы экенин уккам. Мен убагында мамлекеттик резиденцияны жетектеп турганда мага тарыхый даректүү тасма тартканы жаткан бир жамаат келген. Мен муну президентке жеткире алган жокмун, ошол бойдон мен дагы кызматтан кеттим. Бирок бул кино бир топ бут тосууларга карабай тартылып бүтүп, жакын арада көрсөтүлгөнү жатат. Мен ошол жамаатка жакында кайра жолугуп калсам "ушул кинону ажо өзү бир көрүп чыкса жакшы болот эле, дагы деле бут тосуу болуп жатат" дешкен. Мен сураштырып отуруп Жаныбек мырза менен байланышып калдым. Мен аны менен жолугуп түшүндүрсөм "бул кыргыздын тарыхын чагылдырган сонун кино турбайбы" деп аны ажого киргизди. Кино өзү 1 саат 20 мүнөттүк эле, президент аны шашпай көрүп отуруп "жакшы кино экен, муну жарыкка чыгарышы керек" деп, буюрса ошол кинонун бетачары ушул 6-июнда болот".
Дагы караңыз
"Ташы өйдө кулаган" Туманбаев, ишкана-мекемелерди "жуткан" Иш башкармалыкУрмат Байматов Жаныбек Кубандыков атайын кеңсе ачып, президентке жолугууну каалаган айрым адамдарды "Ынтымак Ордого" жеткирип турганын ырастады. Ага каршы кылмыш ишинин козголушун президенттин айланасындагы кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети болушу мүмкүндүгүн белгиледи.
"Мен анын иштеген жерине, кеңсесине барганда ага келген кишинин көптүгүн көрүп таң калгам. Ынтымак Ордого барбай ушу Жаныбек байкеге үмүт артып келгендерине таң калгам. Жаныбек байке алардын арасынан тандап, маанилүүсүн президентке түз жеткизген адам экенин мен ошол жерден көрдүм. Мисалы, мени деле жеке тааныбай туруп, ажого барып "кино тармагына деле көңүл бөлүп коюңузчу" деп киргизгенде эле мен ага аябай ыраазы болгом. Андан кийин үч-төрт жолу жолугуп, бир сааттан сүйлөштүк, өтө жөнөкөй адам экен. Ага келген адамдардын арасында инвесторлор дагы бар экен, кытай инвесторлорун дагы көрүп жаттым. Эгер президент 2024-жылы бардык коомдук кеңешчилерин иштен кетирсе деле бул киши президент берген ишеним квотасы менен эле бир кичинекей кеңседе элди кабыл алып иш алып барып жатты. Мен деле саясатты билип калдым, жеке байкашымча, бул киши президентке жакын болгондуктан ажонун тегерегинде жүргөн көп кландарда кызганыч болду. Ал кишинин кабылдамасында өтө көп киши, жок дегенде эле 50-60 киши ага үмүт артып отурчу. Ал "кемпирабадчылардын" түлөөсүнө барып, "кемпирабадчылардын", дагы башка оппозицияда жүргөн адамдардын ага карата мамилесинен ал киши ортого түшүп, ынтымакка дагы чакырып жүргөнүн байкадым".
Кино продюсер Өмүрзак Төлөбеков Жаныбек Кубандыков Садыр Жапаровду 2010-жылдан бери колдоп келгенин жазды. Анын байлыгы, балдарынын бизнеси тууралуу маалыматтарды четке какты.
"Акыркы мезгилде оппозициялык интернет булактары коомдук ишмер Жаныбек Кубандыков тууралуу ар кандай тескери маалыматтарды тарата баштады. "Үй-бүлөсү менен кымбат турган учак жалдап, чет өлкөгө эс алууга учту", "уулдары ишканаларды ачкан", "президенттин ишенимдүү кишиси катары дөө-шаа саясатчылар менен жолугуп, республикалык эң маанилүү маселелерди чечип атат" деп чыгышты. Тактай келсек, учакты кытай ишкерлери жалдашып, Кубандыков президенттик администрациянын тапшырмасы менен аларга кошулуп Баткенге учкан. Уулдары болсо, эл катары ишкана ачып, ондогон миллиондогон долларлар айланбаган чакан гана бизнес жасашат. Ал эми саясатчылар, ишкерлер, шайлоочулар менен президенттин ишенимдүү кишиси, өкүлү катары ыктыярдуу иш алып баруу менен коомдук кабылдамада жолугушууларды өткөрүп турат. Анткени ал 2010-жылдан бери Садыр Жапаровду кыйын кездерден бери колдоп келген. “Жазасын алсын!” деп табалагандар арбын. Кубандыков азыр кырктын кырындагы коомдук жумуштарда жете такшалган инсан", - деп жазды Төлөбеков.
Деген менен Жаныбек Кубандыков камалган окуя кыргыз коомчулугунда талкуу жаратты.
Дагы караңыз
"Агенттиктин иши начар". Кыргызстан инвесторлор үчүн качан "бейиш" болот?Талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстандын эгемен тарыхында президенттерди жандаган, ачык дагы, көмүскө дагы жүргөн адамдар болгонун, ар кандай маселелерди чечип келгенин айтып, учурда мындай көрүнүш уланып жатканына токтолду:
"Кыргызстанда мындай көрүнүш далай эле жолу болбодубу. Улам эле аттары өзгөргөнү болбосо, уланып эле келе жатат. Тилекке каршы, бул саясий-коомдук институттардын иштебей калганынын көрсөткүчү. Жумушка орношуу, инвестиция деген өңдүү маселелер негизи мамлекеттик институттарда эле чечилиши керек эле. Азыр эми кайсы бир маселени чечип берүүнү убада кылып акча алып кармалды деген маалыматтар улам эле чыгып калып жатпайбы. Бул ошол жарандарын маселесин чече турган мамлекеттик органдардын ишинин начардыгынын көрсөткүчү. Кайсы бир маселелер дагы деле көмүскө, кайсы бир адамдар аркылуу чечилип келе жатканынын көрсөткүчү. Президент өзү деле агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү тууралуу "инвесторлор мага жете албай агама кайрылды" деп айтпадыбы. Ушундай бир чөйрө, жагдай түзүлгөнү үчүн адамдар ушундай кишилерге чыгып, "мүмкүнчүлүктөрдү" пайдаланып жатышат да. Ошондуктан бүгүн Кубандыков болсо, эртең Эшмат, бүрсүгүнү Ташмат деп башкалар деле чыгышы мүмкүн".
Кубандыков буга чейин өзүн Чаткалда алтын казган "Вертекс Голд Компанинин" өкүлү катары тааныштырып жүргөн. 2021-2022-жылдары анын аты Баткендеги Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу айтылган. Анда жергиликтүү жарандык активист Роза Маманова Кубандыков "Вертекс Голд Компанинин" өкүлү экенин айтып, бул компания көмүр кенине байланыштуу мыйзамсыз иштерге аралашкан деп айтып чыккан.
Активист буга байланыштуу бийлик башчыларына бир канча ирет ачык кайрылып келген.
Жаныбек Кубандыков мындай дооматтарга убагында жооп берген эмес.
"Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта Роза Маманова менен байланышып, бул иш эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат ала алган жок.
Кыргызстанда жогорку бийликтеги адамдардын жакындары менен бийликке жакын кишилердин чет элдик инвесторлорго ортомчулук кылган фактылары тууралуу маалыматтар көп эле кездешет. 2023-жылы чет элдик инвесторлорду опузалаган деген шек менен бийликке жакын бир ишкер кармалган.