Кубандыков 21-майда кармалганын, ага каршы кылмыш иши козголгонун УКМК кабарлаган. Шектүүнүн бөгөт чарасын караган райондук сот аны эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.
Расмий кабарлангандай, Жаныбек Кубандыковго Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси (209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча айып тагылды.
Шектүүнүн жактоочусу Давран Касымов Ютуб каналдардын бирине курган маегинде жабыркады делген ишкерлер менен Кубандыков эч кандай экономикалык алакада болгон эместигин билдирди:
“Мен бул кылмыш ишин буйрутма, анын артында белгилүү бир үчүнчү күчтөр турат деп эсептейм. Алар анын атын жаманатты кылуу менен келерки жылы өтө турган президенттик шайлоонун алдында президентибизди каралоого ынтызар”.
22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковду жана аны менен кошо А.К.Т. инициалындагы адамды камакка алганы белгилүү болгон. Алар чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө.
Бишкектин Ленин райондук соту Кубандыковду 17-июлга чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.
Жактоочу Касымов президент айткан мыйзам үстөмдүгү иштебей жатканын, Кубандыков укуктук зомбулукка кабылганын белгиледи. Анын пикиринде, күнөөсүздүк принциби, саламаттыкка жана жашоого болгон укуктар өңдүү конституциялык нормалар "көзгө илинбей жатат".
Иштин чоо-жайына токтолгон Касымов чет элдик эки компания 17 млн 850 миң долларга зым чубалгыларын жеткирүү боюнча келишим түзүшкөнүн айтты. Бирок иштин жүрүшүндө бир тарабы өз милдеттерин аткарбай, экинчиси ага төлөнүүчү каражатын банктык эсебине которбой койгон. Ошол эле маалда, 5,5 млн долларды кандайдыр бир криптокапчыкка которуп, ал каражатты чет өлкөдө чыгарып кетишкен. Криптокапчык келишимге тиркелген эмес жана компаниялардын кызматташтыгына эч кандай тиешеси болгон эмес.
Бул арада президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов 25-майда соцтармакта пост жазып, Садыр Жапаровдун жергиликтүү жарандардан коомдук кеңешчилери менен жардамчылары жок экенин билдирди:
“Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи). Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)”.
Жабыркады делген чет элдик ишкерлер ким экени, кайдан келгени жана Жаныбек Кубандыков менен кандай иш үчүн байланышта болгону так айтыла элек.
Жактоочу президенттин чөйрөсүндөгү кишини эмес, ошол “жалган инвесторлор” менен аталган каражаттын таржымалын иликтеш керек деп эсептейт. Өз аргументинде жактоочу Кыргызстанга инвестиция салуу же кандайдыр бир долбоорду ишке ашырууга жамынып келген чет элдик “жалган инвесторлор” жергиликтүү аткаминерлер менен президенттин айланасындагы адамдарды жаманатты кылган учурлар көбөйгөнүн айтууда.
Кыргызстанда жогорку бийликтеги адамдардын жакындары менен бийликке жакын кишилердин чет элдик инвесторлорго ортомчулук кылган фактылары тууралуу маалыматтар көп эле кездешет. 2023-жылы чет элдик инвесторлорду опузалаган деген шек менен бийликке жакын бир ишкер кармалган.
Экономика министринин мурдагы орун басары, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров кайсы гана инвестор болбосун, бийликтин бирдей шарт түзүп берүүсүнө муктаж экенин айтат.
“Негизи эле бийликке жакын адамдар өзүнүн жакындыгын, тааныштыгын балким, акчага айлантканга аракет кылгандар болбой койбойт. Ал Кыргызстанда гана эмес, бардык жакта эле болуп турчу окуялар. Албетте, андай болгонбу же жокпу, күч органдары далилдеши керек. Эгер Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртабыз десек, бардык инвесторго бирдей мамиле болгон өтө маанилүү. Бийликтеги адамдар "эч кимде биздин атыбыз аркылуу жеке кызыкчылыгын көздөөгө, акча табууга мүмкүнчүлүк болбойт" деген сигнал берсе... Негизи бардык инвесторлор үчүн мыйзам бирдей иштегени жакшы".
Жаныбек Кубандыковдун өмүр баяны тууралуу маалымат ачык булактарда жокко эсе. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.
2018-жылы Таластын Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыралжын алтын кенинде коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү болуп иштегени маалым. 2010-жылдарда болсо Бишкекте өткөн митингдерде Жерүй алтын кенин мамлекетке өткөрүүнү талап кылган акцияларга жигердүү катышып жүргөн.
Улуттук телеканал 2023-жылдын декабрындагы сюжетинде Кубандыковду президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси катары көрсөтүп, маек курган.
Ал аталган кызматтан качан алынганы тууралуу маалымат жок.
2025-жылдын 27-декабрында президент Жапаров Чүй облусундагы заводго барган кезде аны коштоп жүргөн жоон топтун арасында Жаныбек Кубандыков да болгон. Бул тууралуу жаңылык жана сүрөттөр президенттин сайтында жарыяланган.
2026-жылдын 18-апрелинде Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча акталган 27 саясатчы, активист "саясий түлөө" деп аталган иш-чара өткөргөндө ага Жаныбек Кубандыков да катышкан.
Шерине