Акыркы жылдары АКШда жашап жүргөн ишкер ушул айдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы жетекчилигинен запкы көргөнүн, ошонун айынан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтып чыккан эле. Ал тапта ишкер негиздеген курулуш компаниясынан батир алган үлүшчүлөр аны өз милдеттенмесин аткарган жок деп арызданганы да белгилүү болгон.
Улуттук коопсуздук кызматы "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Исмаилов кармалганын 25-мартта маалымдады. Ага карата ири алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына камалды.
"Курулуш компаниясынын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржы жетишсиз экенин билип туруп ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. «Эки жакка сатуу» деп аталган бул схема Кыргызстандын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген. Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон" деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Ишкер буга чейин АКШга чыгып кетүүгө аргасыз болгонун социалдык тармак аркылуу айтып чыккан. Ал кайрылуу жасап, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтун ана башы аталган Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин УКМКнын кызматкерлеринин басым-кысымына кабылып, бар байлыгынан кол жууганын айтып, президентке кайрылган видео тасмасын жарыялаган. Кийинчерээк Канатбек Исмаилов кенен маек куруп, президентке башында кат жазганын айткан.
"Мен башында Садыр Жапаровго да эки-үч жолу кат жаздым. Ал кызматка келгенде эле эки жолу буйрук чыгарган. "Ишкерлерге тийбегиле, аларды коррупцияга байлабагыла" деген. Бирок андай болгон жок да. Баарын Ташиев көзөмөлдөп жатты да. Ташиевдин айланасындагылар аны колдонуп, туура эмес маалыматтарды берип жатты да", - деген ишкер.
Канат Исмаилов мурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын досу экенин ачыктаган. Ал өкмөт башчы болуп турганда уюшкан кылмыштуу топтордун таасири ашып, мамлекет башындагы жетекчилер алардан коркконун кеп кылган.
Ал эми ишкерчилиги артка кетип, токтоп калганынын себептеринин баарын УКМКнын мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштырган.
Исмаилов социалдык тармак аркылуу кайрылуу жолдогондон кийин “Азаттыкка” "Оргтехстрой" компаниясына тиешелүү болгон “Чатыр-Көл” көп кабаттуу турак жайынын жашоочулары кайрылган.
Жарандардын айтымында, бул көп кабаттуу турак үй 2016-жылы пайдаланууга берилиши керек болчу, бирок убакыт создугуп, курулушу толук бүтпөй, жашоочулар кошумча каражатын чогултуп бүткөрүшкөн. Алар 190дон ашык батир жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн кем каржысын жабуу үчүн 13 миллион сом акча каражаты сарпталганын айтышкан.
“Биз өзүбүз газ, суу, унаа токтоочу жайдын баарын акчабызга жасадык. Ар бир подъездди оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Лифт да начар экен, толтура долларлап акча чогултуп жасадык. Короодогу балдар ойной турган аянтчага да акча чогулттук. Эгерде ал келсе биз чогулткан каражаттарыбызды төлөп берсин. Экинчиден, биз турган жерди күрөөгө коюп кеткен экен. Азыр биз күрөөдөбүз. Үйлөрүбүздүн документтери жок. Эгер шайлоо болсо ага да катыша албайбыз. Башка туугандарыбыздын үйүндө каттоодо турабыз. Үйдү саталы десек техникалык документтери жок”, - деди көп кабаттуу турак үйдүн жашоочусу Гүлжан.
Бул үйдүн дагы бир тургуну Райхан Орозова учурда коммуналдык кызматтардын баарын коммерциялык баа менен төлөп жатканына даттанды:
“Өткөн жылы үйлөргө техпаспорт алалы деп каттоо кызматына барганбыз. Жер арестте турат экен. Ошол жерди аресттен чыгармайынча бизге документ берилбейт экен. Ошондуктан азырынча электр энергиясын, сууну коммерциялык баа менен төлөп жатабыз. Мисалы, мен ай сайын электр энергиясы үчүн үч миң сом төлөйм”.
Исмаиловдун өлкө башчысына кайрылуусун үлүшчүлөр ага издөө жарыялангандан кийин өлкөгө келүү амалы катары баалап жатышат.
Ал ээлик кылган компанияга нааразы болгондор четтен чыгууда.
Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 54 батирлүү үйдүн жашоочулары турак жайга тиешелүү болгон жашыл аймактын жерин сатып жибергенин айтып даттанып жүрүшөт.
“Мунун ошол "бир күчтөр келип мүлкүмдү тартып алды" дегенине ишене бербеш керек. Анткени биз жашап жаткан турак жай ага чейин эле бүткөн. Биз жашап жаткан үйдүн жерин күрөөгө койгон. Аны Улуттук банкка барып чыгарып алсак, үйдүн артындагы 8 сотых жерди башкаларга сатып жибериптир. Канча убакыттан бери арызданып келе жатабыз, барбаган жерибиз калган жок”, - деп даттанды Тоту Арзыкулова.
Исмаиловдун кармалышы, УКМКнын маалыматы жана "Оргтехстройдон" үй алгандардын билдирүүсү, айыптоосу боюнча анын жакындары же жактоочусу азырынча үн ката элек.
Эгер анын өкүлдөрү жогоруда айтылгандарга байланыштуу комментарий же түшүндүрмө берүүгө макул болсо, "Азаттык" аларга сөз берүүгө даяр.
"Оргтехстрой" курулуш компаниясына тиешелүү үйлөрдүн чуусу бир канча жылдан бери эле уланып келе жатат. Бишкек шаарынын өзүндө анын беш курулушу бар. Канчасы мыйзамга ылайык курулганы, канчасында маселе бар экени тууралуу Курулуш министрлиги маалымат берген жок.
Шерине