Диний лагерь, эс алуучу жайларды мыйзамсыз уюштурууга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жайкы каникул учурунда диний багыттагы жайкы лагерлерди, кыска мөөнөттүү диний окуу курстарын жана башка диний агартуу иш-чараларын мыйзамсыз уюштурууга тыюу салынарын эскертти.

Мындай ишмердүүлүк менен мамлекеттик каттоодон өткөн жана диний ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу уюмдар гана алектене алышат.

Каттоодон өтпөгөн же тиешелүү уруксат документтери жок уюштурулган диний лагерлер жана курстар мыйзамсыз деп саналып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, бир ислам университети, 10дон ашуун ислам институту бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Автоунаа айнегин караңгылатууга уруксат берүү убактылуу арзандайтАгартуу министрлиги алты күндүк окуу тууралуу комментарий бердиБШКнын жаңы курамына талапкерлер көрсөтүлдү"Элдик банк" "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" курууга насыя беретАйыл башчыларды күчөтүп, жергиликтүү курултайларды жоюу сунушталуудаReuters: Волгограддагы мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту Орусия Армениядан мөмө-жемиш киргизүүгө да тыюу салды