Кыргызстанда 650гө чукул, айрыкча орус тилдүү мугалим жетишсиз болууда

Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылындагы орто мектеп.(архив)

Быйыл окуу жылынын аягына карата Кыргызстандын мектептеринде жалпысынан 650гө чукул мугалим жетишпейт, алардын басымдуусу орус тилдүү адистер. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 3-июнда "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

"Болочок педагогдор окуу жайлардагы орус тилде билим берген бөлүмдөрүнө тапшырбайт. Ошондуктан предметтерден орус тилдүү мугалимдер жетишсиз болгону үчүн биз Орусиядан колдоо сурап келебиз. Учурда биздин мектептерибизде "Чет жактагы орусиялык мугалим" долбоорунун алкагында 140 адис келип иштеп жатат. Бирок бул дагы аз", - деген министр педагог жетишсиздигин толтуруу үчүн былтыр жогорку окуу жайларда ортоңку курстарда окуган 400 студент ишке тартылганын кошумчалады.

Министр өлкө жетекчилиги мугалимдерге жакшы көңүл буруп жатканын, алардын айлык акысы эң биринчилерден болуп көтөрүлгөнүн белгиледи.

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Анын алкагында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер, министрлер бир күнүн журналисттер менен чогуу өткөрүп, бир күндүк ишин көрсөтүшкөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Кендирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга катуу чара көрүлөрүн айттыАннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болуудаТашкент жана Астана Еврошаркет менен миграция борборун түзүүнү макулдашпаганын билдирүүдөКриптосаясат: Президент агенттик түздү, Британия кыргыз компаниясына санкция салды