Бишкекте 24 жаштагы кыз бийик үйдөн кулап каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

24 жаштагы кыз Бишкектин Токомбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) маалымдады.

Окуя тууралуу маалымат 2-июнь күнү саат 18:59да милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Милициянын ыкчам тобу барып, маркум 2002-жылы туулган М.А. аттуу кыз экенин, ал 2018-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык жана наркология борборунда каттоодо турганын аныкташкан.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканы кабарланды. (ZKo)

Дагы караңыз

Эрулан Көкүлов МИК салып жаткан үйлөрдүн сапатын сынга алдыДепутат интернет шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айттыКыргызстанда 650гө чукул, айрыкча орус тилдүү мугалим жетишсиз болуудаАннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болуудаТашкент жана Астана Еврошаркет менен миграция борборун түзүүнү макулдашпаганын билдирүүдө