Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын шайлады

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамы.

Жогорку Кеңеш 3-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлерди суроо-жооп кылбай эле дароо жактырды. Айрым депутаттар талапкерлерге суроо бербей эле добуш берүүгө өтүү сунушун берип, ал колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаров Боршайкомдун мүчөлүгүнө Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышевди, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаровдун, Сүйүнбек Касмамбетовдун, Лейла Лурованын жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин жылдырган.

Алардын ичинен беш адам Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, үчөө парламенттин аппаратынын мурдагы кызматкерлери.

Садыр Жапаров май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана алардын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Боршайкомдун 12 адамдан турган мурдагы курамы 2021-жылы июнда шайланган. Кыргызстанда 2027-жылдын январь айында президенттик шайлоо өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте 24 жаштагы кыз бийик үйдөн кулап каза болдуШКУ жыйынына байланыштуу Бишкекте бир нече жерде жол кыймылы чектелетЭрулан Көкүлов МИК салып жаткан үйлөрдүн сапатын сынга алдыДепутат интернет шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айттыКыргызстанда 650гө чукул, айрыкча орус тилдүү мугалим жетишсиз болуудаКендирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга катуу чара көрүлөрүн айттыАннексияланган Крымдан кийин Луганскиде да күйүүчү май таңкыс болууда