Мамлекеттик ишмер жана советтик дипломатия ардагери Кеңеш Кулматов дүйнө салды

Кеңеш Кулматов

Көрүнүктүү советтик мамлекеттик ишмер, дипломат, окумуштуу Кеңеш Кулматов 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Кулматов 1934-жылы Чүй районунун Ак-Бешим айылында туулган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун комсомолдо иштөө менен баштап, республикалык комитеттин катчылыгына чейин жеткен.

1965-жылдан тартып Компартиянын катарында жетекчилик кызматтарда иштеген. 1970-73-жылдары ал кездеги Фрунзе шаарынын калаа башчысы, 1973-жылдан 1983-жылга чейин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин катчысы болуп иштеген.

1985-жылдан 1991-жылга чейин СССРдин Шри-Ланкадагы, Мальдивдеги, Непалдагы жана Танзаниядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

1991-1992-жылдары СССР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси болгон.

1997-жылдан тартып Орусиядагы Дипломатиялык академияда иштеген.

Көптөгөн илимий эмгектердин автору, профессор, тарых илимдеринин доктору, СССР Жогорку Кеңешинин, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

Ага Эмгек Кызыл Туу, "Эл достугу", III даражадагы "Манас" жана "Даңк" ордендери баштаган бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.

Дагы караңыз

"Генералды каралаган топ пайда болду". Ташиевдин тарапташынын дооматы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан баңгизат каналын жоюу операциясын ишке ашырышты“Батиримди суу каптады”. Караколдо МИК курган үйдүн сапаты суроо жаратты Салянова: Позициям өзгөргөн жок, президент менен шахматты сүйлөштүкЭрулан Көкүлов МИК салып жаткан үйлөрдүн сапатын сынга алдыТынчтык Шайназаров кайрадан Боршайкомдун төрагасы болуп шайланды