Орусия Украинадагы согушка азгырган 1059 студенттин тизмеси жарыяланды

Согушка үндөгөн баннер. Орусия.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" (Хочу жить") долбоору Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы согушка азгырган айтылган 1059 студенттин аты-жөнүн жарыялады.

Алардын жарымынан көбү биринчи жана экинчи курстун студенттери. 80 пайызы 18-21 жаштагы жигиттер.

Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.

Студенттерди Украинадагы согушка, учкучсуз учактар системасы бөлүктөрүнө азгыруу өнөктүгү жүрүп жатканын жыл башынан бери түрдүү окуу жайлардын жана коллеждердин студенттери, алардын ата-энелери жана коомдук уюмдар билдирип келе жатышат.

2026-жылдын башында Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ири жогорку окуу жайлардын ректорлоруна студенттердин кеминде 2% Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттүү экенин кабарлаганын Faridaily долбоору жазган.

"Гроза" студенттерди орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн үгүт иштери дээрлик 200дөй окуу жайында жана коллежде жүрүп жатканын эсептеген. Сабагынан жетише албаган студенттерге окуудан чыгарылат деген негиз менен келишим түздүрүү максатында басым жасалып жатканы жана аларга аскерде бир гана жыл кызмат өтөө убада кылынганы кабарланды.

12-майда Би-би-синин орус кызматы Украинага каршы согушка тартылган студенттин мерт кеткени тууралуу алгачкы ачык учур жөнүндө жазды. Маалыматка ылайык, Бурятиянын 23 жаштагы тургуну Валерий Аверин Коргоо министрлиги менен быйыл 3-январда келишим түзгөн, учкучсуз учактарды башкарууну окуган, окуусун аяктагандан эки жумадан кийин, 6-апрелде Луганск облусунда набыт болгон.

Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору мурдараак Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарына тартылганын аныктаган.

Дагы караңыз

Курманкул Зулушев сотту ачык өткөрүүнү колдой турганын айттыИндияда мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын үч жараны каза болдуОор кылмышка шектелген эки кыргызстандык чет өлкөдөн экстрадицияландыЧет өлкөлүк машинелерди легалдаштыруу жараяны уланатКувейт Ирандын аба соккусунан кеминде бир киши каза тапканын, бир нечеси жараат алганын билдирди