Оор кылмыштарды кылып, из жашырып кеткени үчүн эл аралык издөөгө алынган эки жаран Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Алар Башкы прокуратуранын Грузия жана Казакстандагы компетенттүү органдар менен кызматташтыгынын негизинде кармалып, экстрадицияланды.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири – Т.Ж. адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, күч колдонуп коркутуп, менчик ишканасын өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
Экинчиси - Х.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ишенимге кирүү жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп, жалпы 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Шектүүлөр экөө тең Грузияда качып жүргөн жеринен кармалып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинди. Учурда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.
Башкы прокуратура жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктары корголорун, ошондой эле тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдардын кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол берилбесин эскертти.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөдөгү жабык жайлардан 234 жаран Кыргызстанга экстрадицияланган. Быйыл эки айда алардын саны 81 кишини түзгөн.(ZKo)
Шерине