Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калганын билдирди.
Алар: “Авиценна” эл аралык медицина, АДАМ, Роэль Метрополитен, Альтамими, “Ала-Тоо”, Эл аралык медицина, Салымбеков, Медицина жана илим, Борбор Азия, Евразия жана Ош эл аралык медицина университеттери. Андан тышкары Кыргыз медициналык-стоматологиялык жана Бишкек эл аралык медициналык институту да аккредитациядан өткөн жок.
Ош мамлекеттик университетине, “Кыргызстандын эл аралык университети” окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине, Эл аралык жогорку медицина мектебине жана Тентишев атындагы Азия эл аралык университетине алты жылга иштөөгө уруксат берилди.
Андан тышкары дагы жети окуу жай бир жылдык мөөнөткө аккредитацияланды.
Саламаттык сактоо министрлиги аккредитация окутуучулук курам, клиникалык база, материалдык-техникалык ресурс, билим берүү программалары жана адистерди даярдоонун сапатына жараша берилгенин кабарлады.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда медициналык жаатта жогорку билим берген 34 окуу жай бар. Алардын ичинен 12си мамлекеттик, калган 22си менчик.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын август айында “Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өзгөчө укук берилип, медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизилген. Аккредитациядан өтпөй калган жеке окуу жайлар билим берүү ишин жогорку окуу жайына чейинки даярдоо курстарынын же окуу-клиникалык базалардын форматында гана жүргүзө алышат. Алар толугу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкаруусунда болот. (BTo)