Нарын облусундагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн (РИИБ) биринин башчысы практикант кыздарга ыдык көрсөтүүгө шектелип жатканы тууралуу активист Эртай Искаков жазып чыкты. Ал бул жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, "Тергөө адилеттүү карап берет деп ишенебиз жана мындай кадрлар органдан кетүү керек" деп жазды.
Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Нарын облусу боюнча Ички иликтөө кызматы жооп берип, териштирүү жүрүп жатканын, жыйынтыгына жараша кошумча маалымат берилерин билдирди. Кайсы райондук милиция башчысы экени ачыкталган эмес.
Милиция кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын жетекчилери кыз-келиндерге туура эмес мамиле кылып, ыдык көрсөткөн учурлар буга чейин да катталган. Апрелдин аягында Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы кесиптештери ага психологиялык, моралдык басым кылганын айтып, акыйкатчыга арызданган. Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин ИИМде атайын жумуш тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана жети кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылганы айтылган.
Кыргызстандагы аял судьялар ассоциациясынын иликтөөсүнө ылайык, иштеген аялдардын ар бир төртүнчүсү, ал эми студенттердин ар бир бешинчиси сексуалдык ыдыкка кабылганы белгилүү болгон. Булардын ичинен 80% мамлекеттик органдарда болгону айтылган. Айрым кызматкерлер кармалган учурлар да бар.
2025-жылы ыдыкка кабылганын айтып акыйкатчыга даттангандардан эки арыз түшкөн. (ZKo)
Нарында райондук милиция башчысы ыдык көрсөтүүгө шектелип жатканы кабарланды
Иллюстрациялык сүрөт.