Бишкектин мурдагы вице-мэри Ырсалиев шаардык соттон акталганын айтты

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Жамалбек Ырсалиевди суракка алып кетүү тапшырмасын берип жаткан учур. 16-июль 2025-жыл.

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев 5-июнда Бишкек шаардык сотунан акталганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, буга чейин козголгон ишти Ленин райондук соту кыскарткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жамалбек Ырсалиевди 2025-жылдын июль айында кармаган. Ал УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Тунгуч кичи районунда эл менен жолугуп жаткан учурда кармалып, кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат ал Тунгучта 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою “мыйзамсыз пайдаланып келгенин”, мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган.

Көп өтпөй Жамалбек Ырсалиев мамлекетке 2,9 миллион сом зыяндын ордун толтуруп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыккан.

2020–2021-жылдары ал Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри, 2022–2024-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору, ал эми 2024-жылдын май айынан 2025-жылдын июнь айына чейин Бишкек шаарынын транспорт жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри болуп иштеген.

Кылмыш иши козголгондон кийин жумуштан алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти активдүү колдонуп жатканын айттыКыргызстанда ажылык жана умраны уюштурууну мамлекет көзөмөлүнө алатТИМ Түркияда кармалган Эрмек Сабыржанов тууралуу комментарий бердиТүндүк-Түштүк кошумча жолуна түшкөн таш көчкү тазаланып жататПрезидент Жапаров Кыргызстан БУУга бир катар сунуштарды берерин айттыИИМ баңгизат сатууга жаштарды тартуу күч алганын билдирдиПутин НАТО аймагына кол салуу тууралуу билдирүүлөрдү акылсыздык деп атады"Мемориал", "ОВД-Инфо" жана "Револьт-центр" Орусияда террорист-экстремисттер тизмесине кирди