Америка Кошмо Штаттары Ирандын футбол федерациясынын президентине виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу The New York Times басылмасы төрт чиновниктин айткадарына таянып жазды. Маалыматка караганда, келерки аптада баштала турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн ирандык бардык 26 оюнчуга АКШга кирүүгө виза берилди. Улуттук курама команданын айрым мүчөлөрү дале виза ала элек, айрымдарына баш тартканы айтылды.
Иран федерациясынын президенти Мехди Таж АКШ өкмөтү террордук уюм деп тааныган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мурдагы офицери. Ал көп жылдар бою спорт функционери болуп, 2016-жылдан бери федерацияны жетектеп келет.
Арандын Fars агенттиги дагы бир нече киши АКШ визасын ала электигин ырастады. АКШнын Түштүк Африкадагы элчилиги X социалдык тармагына Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) чемпионаттын бардык конокторуна виза берилиши керектигин жазды.
Дүйнө чемпионаты АКШ, Мексика жана Канадада өтөт. Иран мурдараак АКШ менен куралдуу жаңжалга карабастан ага катыша турганын билдирген. Иран курама командасынын Жаңы Зеландия менен алгачкы беттешти Лос-Анжелесте 15-июнда өтүшү керек.
Ок атышпоону токтотуу келишимине карабай 6-июндун кечинде АКШ менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.