Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолунун 92-чакырымын жана “Мерседес Спринтер”, “Форд Мондео” машинелерин, андагы эки адамды басып калган.
Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те (У.Т. аттуу 2008-жылы туулган) 18 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Ушул күндөрү селден кесепеттерин жоюу иштери уланууда. (BTo)