Армениядагы парламенттик шайлоонун бюллетендеринин жыйынтыгы Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жеңгенин көрсөтүүдө.
Добуштардын санын жарыялаган армян медиаларынын расмий эмес маалыматтары дагы Пашинян жеңгенин көрсөтүүдө деп билдирди Би-Би-Си.
Башкаруучу партия менен байланышы бар Civic News платформасы "Жарандык келишим" 56,7% добуш алганын билдирди. "Күчтүү Армения" 17,5% добуш менен экинчи орунда.
Infocom платформасы Пашиняндын партиясы төрагалык кылганын жазганы менен башка көрсөткүчтү көрсөттү: "Жарандык келишим" 70%, "Күчтүү Арменияныкы" акыркы санакта 17,1%.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы дүйшөмбү белгилүү болот. Никол Пашинян партиясынын жеңишин жарыялап, "Жарандык келишим" өкмөттү түзөрүн билдирди.
"Мен өзүмдүн партиялаш кесиптештериме ыраазычылык билдиргим келет. Биз күнү-түнү иштедик, бул тарыхый жеңиш. Бул жеңиш армян элине таандык", - деди ал.
Буга чейинки сурамжылоолор премьер-министр Никол Пашиняндын "Жарандык келишим партиясына" респонденттердин 30% ишеним артарын көрсөткөн. Анын негизги атаандашы, Москва менен тыгыз байланыштарды жактаган орусиялык-армениялык миллиардер Самвел Карапетян 6-11% добуш алышы мүмкүн.