Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Кыргызстанда фейк аккаунттарды жабуу мүмкүн болбой жатканын айтты.
Ал Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 8-июндагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, муну провайдерлер чет өлкөдө экени менен байланыштырды.
“Аккаунтту жабыш үчүн сөзсүз онлайн провайдердин уруксаты керек. Мисалы, биздин Ички иштер министрлиги же башка мамлекеттик мекеме кат жиберет, бирок анын жообу келбейт. Эгерде биз биринчи кадамды жасап, мыйзамдарга өзгөртүү киргизсек экинчи кадам конвенцияга кошулуу болот. Конвенцияга кошулсак провайдерлер менен кат алмашууга, жоопту талап кылганга мүмкүнчүлүк ачылат”, - деди ал.
Өкмөт Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
Юстиция министринин орун басары Данияр Калматовдун сөзүнө караганда, бул кодекстерге өзгөртүүлөр Будапешт конвенциясына, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кирүү үчүн даярдык болууда.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын январь айында интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “жалаа жапты” же “мазактады” деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат. (BTo)