Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Президент Караколдо МИК салган үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров. Ош шаары. 8-июнь, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров. Ош шаары. 8-июнь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий берди.

Президент бул тууралуу 8-июнда Ош шаарындагы МИК курган с элге тапшыруу иш-чарасында айтып, курулуш иштерине көзөмөл күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганын кошумчалады. Садыр Жапаров көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да. Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, - деди ал.

“Асман резиденс №1” турак жай комплексинде 12 кабаттан сегиз блок бар. Жалпы 543 батирден турат. Расмий маалыматка ылайык, мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу өлкөдө 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат.

19-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган. Жашоочулар бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин да батирлерин суу каптаганын айтышкан.

Ипотекалык компания 20-майда маалымат таратып, жабыркаган батирлерди өз эсебинен калыбына келтирерин жана жабыркагандарга компания жардам берерин билдирген. МИК ошондой эле жаан суусунун батирлерге жана подъезддерге агып киришин түтүктөргө таштанды толуп калганы менен байланыштырган.

МИКтин батирлеринин сапатына нааразы пикирлер буга чейин да айтылып келген. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн сапаты боюнча сынга жооп берип, “үйлөр тиешелүү стандарттар жана нормалар сакталып куруларын” айткан.

МИКтин учурдагы уставдык капиталы 2 млрд доллар. Компанияга быйыл Улуттук банктын 400 млн таза кирешеси да берилгенин президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирген.

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) салып жаткан үйлөрдүн сапатына байланыштуу маселе көтөргөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG