Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 8 миллион 985 миң 813 гектар жайыт жер бар.
Анын ичинен 2 миллион 374 миң 502 гектары жакынкы, 3 миллион 22 миң 405 гектары ортоңку жана 3 миллион 588 миң 906 гектары алыскы жайыт деп эсептелет. Мирбек Дүйшеев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 8-июндагы жыйынында өлкөдө 1 миллион 808 миң гектар жер же башкача айтканда жайыт жерлердин 24% деградацияга учураганын билдирди.
“Жайыттарды туура эмес пайдалануу, ашыкча мал жаюу жана климаттын өзгөрүшү менен жайыт жерлер бир кыйла начарлап, деградацияга учурады. Айылга жакын жайыттар жыл бою ашыкча пайдаланып, малдын көп топтолуусунан жердин кунардуулугу төмөндөп жатат. Ошол эле кезде алыскы жайыттар толук пайдаланылбай калууда”, - деди ал.
Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектар болсо, анын 9 миллион гектарга жакынын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат. Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын көбөйгөнүнөн, кен байлык казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга такырга айланып баратат.
Өкмөт бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайыттарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекиткенин, анын негизинде такырайган жерлерге урук себүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. (BTo)