Улуттук банк валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар сатты

АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банк 8-июнда быйылкы жылдын эсебинен алтынчы жолу интервенция жасап, валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар сатты.

Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 30-мартта 178 миллион 900 миң доллар саткан. Ага чейин 10-мартта 140 миллион доллар, 19-январда 134 миллион 50 миң доллар, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң долларды валюта базарына чыгарган.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Жаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов эки айга камалдыКыргызстандын аба компаниялары Еврошаркеттин "кара тизмесинен" чыкты Кыргыз жараны Украинадагы чалгын кызматкерине кол салууга айыпталуудаИран менен Израил кайрадан бири-бирине сокку уруп жатат Латвияда дрон атып түшүрүлдү, дагы бири Молдованын аймагында жарылды Филиппинде жер титирөөдөн 32 киши каза тапты Педагог, Эмгек баатыры Өмүрзак Мамаюсупов каза болду “Эмакомдун” негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов эки айга камалды“75чилердин каты” боюнча сотто күбөлөр сурала баштадыЖогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды