Кызыл китепке кирген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртылат

Ак илбирc. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепке кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыртыла турганын билдирди.

Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ага баш-аягы
21 миллион сомго жакын каражат кетет деп эсептелген.

Эки жылдык иштин жыйынтыгында окумуштуулар министрликке Кызыл китептин жаңы басылышына негиз болгон илимий базаны берет.

Ушул тапта Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бараткан жана
жоголуу коркунучунда делген куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, балыктын 7 түрү, курт-кумурсканын 18 түрү жана өсүмдүктөрдүн, козу карындын 89 түрү кирет.

Өлкөдө Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга айып пул салынат.
Ак илбирске аңчылык кылгандар 2 миллион сом, аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейренди аткандар 1 миллион 500 миң сом, кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүнгө аңчылык кылгандар 50 миң сом айыпка жыгылат. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда сот Трамптын виза акысын жогорулатуу чечимин жокко чыгардыАбактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылуу жасадыПрезидент мас айдоочуларга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койдуЧүйдө үрөй учурган жол кырсыгынан эки адам мүрт кеттиЖаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов эки айга камалдыТрамп Нетаньяхуга Иран менен согушса колдоо көрсөтпөй турганын эскерттиУлуттук банк валюта базарына 86 миллион 50 миң доллар саттыКыргызстандын аба компаниялары Еврошаркеттин "кара тизмесинен" чыкты