Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

12-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндуз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23.

Бишкекте мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз18…20° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 10-июнда эртең менен 17,2° түздү.

Дагы караңыз

Еврошаркет Кыргызстандын авиация тармагын жылына эки жолу текшеретТаалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алындыОрмузда АКШнын тик учагы кулады, Трамп Иранга жооп кайтарылганын айттыИрина Карамушкинага ырайым берилбегенин адвокаты билдирдиМосквадагы жарылган автоунаадан Орусиянын Коргоо министрлигинин бөлүм башчысы мерт болдуУлуттук банк шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти