"75чилердин каты" боюнча сот жараяны ачык уланат

"75чилердин катына" байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча айып сегиз кишиге тагылган. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумдар мындан ары ачык өтөт. Бул маалыматты адвокат Акынбек Ногоев "Азаттыкка" тастыктады.

Анын сөзүнө караганда, айыпталып жаткандардын адвокаттары сот отуруму ачык өтүүсүн өтүнүп, судьяга кайрылышкан. Судья өтүнүчтү 11-июндагы отурумда канааттандырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан.

Сот мекемеси да 11-июнда расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүрдү.

Жактоочу тараптан соттук териштирүүнү ачык өткөрүү жөнүндө өтүнүч келтирилгени, сот аны канааттандырганы, ошого байланыштуу териштирүү мындан ары ачык соттук отурумда жүргүзүлөрү маалымдалды.

"Ошону менен бирге соттук териштирүүнүн мындан ары ачык соттук отурумда жүргүзүлүшү күбөлөргө карата мурда кабыл алынган коопсуздук чараларын жокко чыгарбайт. Аталган күбөлөр мындан ары да Кыргыз Республикасынын «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте мамлекеттик коргоого, тактап айтканда, алардын коопсуздугун камсыз кылууга, алар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого, ошондой эле алардын инсандыгын ачык аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды жарыялабоого багытталган чаралар колдонулат", - деп кошумчалады сот мекемесинин басма сөз кызматы.

11-июнда айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев автоунаа менен сот имаратынын арткы эшигинен киришкендиктен журналисттерде аларга суроо узатуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Ушул тапта күбөлөр сурала баштады жана айыпталуучулар сотту ачык өткөрүү талабын коюп жатышат.

Күбө катары бүгүнкү сотко сурак берүү үчүн мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов келди. Бул иш боюнча буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу да сотто көрсөтмө берген.

Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (ZKo/DSh)

Дагы караңыз

"Парламент саясий чечим кабыл алышы керек". Гимнди жаңылоо аракети токтойбу? Кыргызстандагы жаңы банктар: Артында кимдер турат жана кандай иш жүргүзөт?12-июндун аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан катуу жаайт“75чилердин каты” боюнча сотко экс-премьер-министр Кубатбек Боронов келдиКызыл-Кыя: окуучунун өлүмү боюнча дагы эки өспүрүм, эки милиция кызматкери кармалдыОрусиянын Краснодар шаарында дрон көп кабаттуу үйгө тийди