Ал арада АКШ Ормуз кысыгындагы мунай танкерине сокку урганда индиялык үч кемечи кызматкер каза тапты. Убактылуу жарашуу жарыялангандан берки эң олуттуу эскалация Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу күмөн саноону күчөттү.
Дональд Трамп 11-июнда Х социалдык тармагына жарыялаган постунда Ирандын мунай инфраструктурасын, кара май экспорттоочу негизги хабы болгон Харг аралын басып алышарын айтып коркутту:
«Бүгүн кечинде Кошмо Штаттар (флоту, аба аскерлери, радарлары, зениттик жабдуулары жана башка коргонуу каражаттары, чабуул коюучу дарамети талкаланган) Иранга абадан катуу сокку урат…Кайсы бир маалда, жакынкы учурда Венесуэладай кылып, алардын мунай-газ рыногун көзөмөлгө алабыз».
Бейшембиде Иран АКШ түн ичинде сокку урганын айтып, Ормуз кысыгы толугу менен жабылганын жарыялады жана стратегиялык каналдан өтүүгө аракеттенген ар бир кеме чабуулга кабыларын эскертти.
Кийинчерээк ирандык маалымат каражаттары эки кеме соккуга туш болгонун жазышты.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) ал маалыматтарды четке какты жана соода кемелеринин кыймылы үзгүлтүккө учурабаганын билдирди. Согушка чейин Ормуздан дүйнөлүк кара май менен газдын 20 проценти ташылчу.
Шаршембиде америкалык аскерлер Ирандагы байкоо жүргүзүү, байланыш системаларына, чалгын объекттерине жана Абадан коргонуу системаларына каршы сокку урган. Вашингтондун айтымында, ошол жайлар америкалык күчтөргө жана эл аралык деңиз каттамына коркунуч жаратууда.
“Соккулар Ирандын негизсиз жана токтобой жаткан агрессиясына жооп иретинде урулууда. Америкалык аскерлер кыраакы, курал колдонууга даяр турат”, - деп айтылат CENTCOM шаршембинин кечинде Х социалдык тармагына чыгарган постунда.
Ислам жумурияты сөз болгон чабуулга Бахрейндеги жана Кувейттеги АКШга байланышы бар буталарды ракета жана дрондор менен аткылап жооп берди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу 18 жайга, арасында Кувейттеги Али-Ал-Салем жана Ахмед ал-Жабер авиабазаларына, Бахрейндеги Шейх Иса базасына сокку урулганын билдирди.
Эки өлкөдө тең аба соккусун эскерткен сиреналар жаңырып, элге коопсуз жерлерде башкалкалоо көрсөтмөсү берилген.
Соңку куралдуу эскалация америкалык Apache тик учагы Ормуз кысыгына жакын жерде кулап түшкөндөн кийин тутанган. CENTCOM экипаждын эки мүчөсү куткарылганын маалымдаган. Президент Трамп тик учакты Иран атып түшүргөн деп күнөөлөгөн. Көп узабай америкалык аскерлер Ислам жумуриятындагы радарларга жана командалык системаларга сокку урган.
“Биз келишим түзүүгө жакындаганбыз, бирок алар бизге калп айтып, оюнду улантып жатышат”, - деп айткан Трамп 10-июнда журналисттерге.
Fox News кабарлагандай, президент Тегеран келишимдин алкагы боюнча макулдашууга көнбөсө АКШ аскердик операцияны активдештирет деп эскертти.
Согуштук аракеттердин жанданышы регионалдык стабилдүүлүккө, кара май ташуу, дипломатиялык аракеттердин натыйжалуулугуна байланыштуу тынчсызданууну күчөттү.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш аткылоону токтотууга чакырды жана Жакынкы Чыгыш кризиске "тереңирээк батып баратканын” эскертти:
“Үстүбүздөгү аптада жапырт чабуулдарга жана абалдын мындан аркы начарлашына күбө болдук . Чабуулдар токтошу керек, эч кандай шылтоо, актануулар болбошу керек”.
Аналитиктердин айтымында, акыркы чабуулдар АКШнын аскердик кысым менен дипломатияны айкалыштырган стратегиясын чагылдырат.
"Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусуна каршы" уюмунун саясат боюнча директору Жейсон Бродски Трамп администрациясы аскердик аракеттерди экономикалык басымды күчөтүү менен кошо колдонуп жатканын белгилейт:
“Бул Трамп 2025-жылдан бери колдонуп келаткан дипломатиялык оюндун дагы бир бөлүгү. Трамп өз шарттарын айтат, кээде белгилүү бир мөөнөттү атайт. Тегеран тил эмизип, убакытты чое берсе, сокку урат. Мындай абал Трамп администрациясын канааттандырган жыйынтыкка чейин уланышы ыктымал”.
"Демократияны коргоо фондунун" экономикалык жана финансылык жардам борборунун изилдөөчүсү Макс Мейзлиш Вашингтон Тегеранды стратегиялык чечим кабыл алдыргысы келет деген көз карашы менен бөлүшөт:
“Президент Трамп Иранды тандоо жасоого түртүүдө. Келишимге көнгүлө же аскердик кысымдын күчөшүнө туш болосуңар деген шарт коюуда”.
Ошол эле маалда, эксперт эскерткендей, макулдашуу түзүлгөн күндө да Ислам жумуриятынын жетекчилиги жараткан негизги маселе жоюлат деген кепилдик жок.
“Тегеран келишимге кол койсо да, ошол эле режим бийликте кала берет. Кысым азайганда калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт, армияны кайра куралдантат жана кол жоолук террордук уюмдарга таянуусун күчөтөт”, - деп эсептейт Мейзлиш.
Ушундан улам Вашингтон аскердик операция менен чектелбөөгө тийиш деп кошумчалайт эксперт:
“Вашингтон аскердик кысым менен бирге Ирандын согуш машинасын каржылаган кытайлык түйүндөргө каршы катаал чара көрүшү керек. Себеби келишим түзүлүп, бирок финансылык каналдар ошол бойдон калса, Тегеран тез эле калыбына келип, регионго кайрадан коркунуч жаратууга кудуреттүү болуп калат”.
Ошол эле маалда кырдаалдын курчушуна карабай дипломатиялык аракеттер уланууда. Соңку маалыматтар боюнча катардык арачылар Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Тегеранга жөнөдү.
Бирок соңку эскалация дипломатиядан майнап чыгабы деген суроонун айланасында күмөн саноону күчөттү.