Кыргызстан Кытайдан соттолгон жарандарын кайтарууну тездетүүнү өтүндү

Кыргызстан Кытайда соттолгон жарандарын өткөрүп берүү өтүнүчүнүн каралышын тездетүүнү суранды. Бул маселе 10-июнда Бишкекте өткөн кыргыз-кытай консулдук кеңешмесинде көтөрүлгөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар соттолгон жарандарды экстрадициялоо маселесин талкуулашты.

Кыргыз тарап Кытайдын аймагында жаза өтөп жаткан кыргыз жарандарын өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүчтөрдү кароого мындан ары да көмөк көрсөтүүнү жана алардын каралышын тездетүүнү өтүндү.

Кытайдын абактарында канча кыргыз жараны жазасын өтөп жатканы тууралуу так маалымат жок. 2020-жылга чейин алардын саны 17 адам экени көрсөтүлгөн.

Эки өлкө ортосунда абакка кесилген адамдарды өткөрүп берүү тууралуу келишим бар жана анын алкагында буга чейин соттолгон бир нече адам Кыргызстанга алынып келинген.

2025-жылга карата маалымат боюнча Кыргызстандын 1660тан ашуун жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканы, алардын 1400гө жакыны Орусияда экени кабарланган.

Дагы караңыз

АКШ менен Иран ортосунда мунаса дээрлик табылганы маалымдалды18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамаладыАктивист Мавлян Аскарбеков кармалганы кабарлануудаЕвропа мигранттарды Борбор Азияга жөнөтөбү?