Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) активист Мавлян Аскарбековду кармаганы тууралуу соцтармакка журналист Адилет Айтикеев 12-июнда жазып чыкты. Ал активисттин эмне иш боюнча кармалганын тактаган жок.
УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек. Аскарбековдун жубайы да ал кармалганын ырастады.
Активисттин бөгөт чарасы эртең каралышы күтүлүүдө.
Бүгүн Аскарбеков соцтармактагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын жазып чыккан эле.
Анын алдында соцтармактагы айрым баракчаларда Мавлян Аскарбековду каралаган видеолор жарыяланган.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.
Аскарбеков буга чейин парламенттин шайлоосуна бир нече жолу талапкерлигин койгон.
Шерине