Орусиялык геолог жана табият таануучу Павел Назаровдун "Борбор Азиядан качуу" аттуу эмгеги кыргыз тилинде жарык көрдү.
Китепте илимпоз Борбор Азиядагы 1918-1921-жылдары күбө болгон окуяларын сүрөттөп жазган. XX кылымдын башындагы жарандык согуштун Түркстанга таасирин, жаңы келген бийлик кандай кемчиликтерди кетиргенин сүрөттөгөн.
Автор бул эмгегинде тарыхый учурлар менен кошо көчмөн кыргыздар менен отурукташкан элдердин айырмасына көңүл бурган.
"Улуу тоолор" басмаканасынан 3 миң нуска менен чыккан "Биз билбеген Борбор Азия - кен байлык уюгу" деген аталыштагы китепти чыгарууга саясатчы, маркум Өмүрбек Абдрахмановдун жакындары колдоо көрсөткөн.
Эмгекти кыргызчалаган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин айтымында, китеп саясатчы тирүү кезинде которулуп, басмага берүүгө үлгүрбөй калышкан.
"Борбор Азиядан качуу" биринчи жолу 1932-жылы Лондондо англис тилинде Hunted through Central Asia деген аталышта жарык көргөн. СССР маалында бул эмгекти басып чыгарууга жана окууга тыюу салынган.
Назаров 1917-жылы орус падышасы Николай II тактан кулагандан кийин бийликке келген большевиктерге каршы ак гвардиячылардын кыймылынын өкүл болгон. Түркстан аймагындагы кызыл армияга нааразы орус, кыргыз, өзбек, казак ак сөөктөрү менен байланыш түзгөн. Бул адамдар кийин Назаровду Ташкенттин түрмөсүндө өлүм жазасын күтүп жатканда куткарган. Илимпоз Пишпекте да жашырынып жүрүп, кийин Кытайга өтүп андан ары Батышка чыгып кеткен. (ST)
Шерине